ƏDƏBİYYAT
1.
Baltabayev, H. Fitrət və cədidçilik / H.Baltabayev – Daşkənd:ÖMK, – 2007. –
286 s.
320
2.
Səid, Z. Tənləngən əsərlər / Z.Səid– Daşkənd: – 1974
3.
Cavid, H. Əsərləri / H.Cavid. [V cilddə], I cild. – Bakı: Lider nəşriyyatı, –
2005. – 256 s.
4.
Qasımov, B. Məsləkdaşlar / B.Qasımov – Daşkənd:Şərq, – 1994. –160 s
КЫРГЫЗ ЖАНА ѲЗБЕК ЭЛИНИН ДИДАКТИКАЛЫК
ЧЫГАРМАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДАГЫ ТААЛИМ-ТАРБИЯ
МАСЕЛЕСИ
Нуржамал ТЕМИРОВА
Андижан мамлекеттик педагогика институту
Кыргыз тили жана адабияты багытынын 2-курс магистри
Аннотация
Макалада кыргыз жана ѳзбек элинин дидактикалык чыгармалары
болгон макал-лакаптар, табышмактар, насыят ырлары, алардагы тарбия
маселелери баяндалган.
Ачкыч сѳздѳр
: дидактика, макал, лакап, табышмак, насыят ырлары,
адеп, ахлак.
В статье описываются дидактические произведения кыргызского и
узбекского народов: пословицы, загадки, поучительные песни, и вопрос
воспитания в них.
Ключевые слова
: дидактика, пословицы, загадки, поучительные
песни, нравы.
The article describes the didactic works of the Kyrgyz and Uzbek peoples:
proverbs, riddles, instructive songs, and the question of education in them.
Key words
: didactics, proverbs, riddles, instructive songs, morals.
Кыргыз жана ѳзбек элдери тээ байыртадан эле бири-бири менен
коӊшулаш жашап, кыз берип, кыз алып куда болуп жашап келишкен. Ошол
себептүү алардын тарыхы, маданияты жана жашоо-тиричилигинде да бир топ
жалпылыктарды кѳрүшүбүз мүмкүн. Бул жалпылыктар күндѳлүк турмушта
гана эмес, алардын адабиятында да кездешет. Адабият «адеп», «ахлак»
маселелерин чагылдыргандыктан, жеткилеӊ инсанды тарбиялоодо эӊ
маанилүү ролду ойнойт.
Кыргыз жана ѳзбек элдеринин элдик адабияты үч түргѳ бѳлүнѳрү
баарыбызга бергилүү. Алардын үчүнчү тобу болгон дидактикалык түрүнѳ
макал-лакаптар, табышмактар, санат-насыят ырлары, терме
ырлар кирет.
Булар элдин нече кылымдык турмуш тажрыйбаларын, философиялык кѳз
караштарын, адеп-ахлак нормаларын ѳзүнүн тулку боюна сиӊирген.
321
Ошондуктан да аларды таалим-тарбия жараянында кеӊири колдонушат жана
ѳз натыйжасын берип келүүдѳ.
Кыргыз жана ѳзбек элдери ѳзүнүн кылымдар бою сактап келе жаткан
турмуш тажрыйбаларын «адам акылынын каймагы» [4;4] болгон макалдарда
келечек муунга калтырып келет. Макал-лакаптар ѳтѳ кыскалыгы, кѳркѳмдүгү
жана тактыгы, үйрѳнүүгѳ, жат алууга жеӊилдиги менен башка жанрлардан
айырмаланат. Макал-лакаптардын мына ушул жанрдык белгилеринен улам
күндѳлүк турмушубуздагы лексиконубузда ѳтѳ активдүү колдонобуз.
Мисалы, «Жамгыр менен жер кѳгѳрѳт, эмгек менен эл», «Күч - бирдикте»,
«Жалгыз аттын чаӊы чыкпайт» деген макалдарда эмгек кылууга, биримдикте
болууга үгүттѳгѳн тарбия маселелери жатат.
Ѳзбек тилинде да макалдар адеп-ахлак эрежелерин ѳзүндѳ сактаган
жанр болуп саналат. Макалдар сыналган, турмуштун тастыгынан ѳткѳн
түшүнүктѳрдү туюнтуп келет: «Бировга кулма зинҳор, сенга ҳам кулгувчилар
бор» огоҳлантириш (алдын ала эскертүү), «Йўл билмасанг йўл сўрагин
юргандан, гап билмасанг гап сўрагин билгандан» танбеҳ бериб, танқид
қилади (туура сын пикирин айтуу). Бул сыяктуу макалдар качандыр бир
доордо жаралса да, азыркы жаӊылануу доорунда да эскирбестен, жыл ѳткѳн
сайын жаӊы күчкѳ, жаӊы кудуретке ээ болуп, алардын таалим-тарбиялык
мааниси улам барган сайын артылууда [2;4]
Жалпы дидактиканын негиздеринде дидактика коомдук турмуштун
материалдык талаптарына ылайык пайда болуп ѳсүп-ѳнүгүп жаткан илим
[1;12] экендиги айтылат. Адам коому тиричиликтин түрдүү тармактары
боюнча турмуштук тажрыйбаларын жана билимдерин илим казынасына
жыйнап келген. Илим казынасынан орун алган табышмактар да балдардын
логикалык ой жүгүртүүсүн ѳстүрүүчү эӊ күчтүү каражат болуп саналат.
Табышмактар элдик оозеки чыгармачылыктын жалпы жана атайын
жанрларынан бири эсептелет. Алардын стили метафора жолу менен сѳздѳрдү
ѳтмѳ мааниде колдонуп, жашырынган нерсе жана кубулуштардын
белгилерине экинчи бир нерсе жана кубулуштардын белгилерин
салыштыруудан түзүлѳт. Табышмактардын мына ушул ѳзгѳчѳлүгүнѳн улам
грек философу Аристотель мындай дейт: «Метафора түзүүнүн эӊ жакшы
жолу»[5;117].
Табышмактар
дүйнөдөгү
бардык
эле
элдердин
оозеки
чыгармачылыгында кеңири учурайт. Алар - кандайдыр бир затты, көрүнүштү
же башка абстракттуу, конкреттүү түшүнүктөрдү өзүнүн аты менен атабай,
алардын негизги белгилерин айтып, ошол түшүнүктүн аталышын башка
бирөөлөрдүн табуусун талап кылуучу чакан тапшырмалар. Мисалы: «Асты
таш, үстү таш, ортосунда бышкан аш» деген табышмакты алсак, анын жообу
322
«данек». Себеби анда данектин негизги белгилери көрсөтүлүп жатат. Кыргыз
фольклорунда мазмуну, композициялык курулушу, түзүлүшү боюнча
табышмактар төмөнкүдөй формаларда, көрүнүштөрдө айтылып келген: 1)
Ритмдүү жорго сөз түрүндөгү табышмактар; 2) Ыр түрүндөгү табышмактар;
3) Учкул сөздөн турган, прозалык формадагы табышмактар; 4) Суроолуу
табышмактар; 5) Айтыш табышмактары; 6) Жомок түрүндөгү табышмактар;
7) Эсеп табышмактары. Жаштарды байкагычтыкка, акылмандуулукка,
изденүүчүлүккө тарбиялоодо табышмактардыи мааниси өтө чоң.
Ѳзбек фольклорунда табышмактар кээде «насрий» (кара сѳз), кѳп
учурларда «шеърий» (ыр түрүндѳ), композициялык жана ритмикалык жактан
«ихчам» (чакан), «содда» (жѳнѳкѳй) жана «оҳангдор» (мелодиялуу) болот.
Mисалы, «Бир парча патир, оламга татир» (Ой); «Оппоқ
дастурхон
ер юзини
қоплаган (
қор
); «Паст осмондан қор ёғар» (
элак
). Кээ бир табышмактар
макалдарга да окшоп кетет: «Ҳаммага
тўн
тикаман, ўзим яланғоч» (
игна
).
Табышмактарда метофара, салыштыруу кеӊ колдонулат: «Ўзи бир қарич,
соқоли
қирқ
қарич» (игна), «Ер тагида
олтин
қозиқ» (
сабзи
), «Зилзил гилам,
зил гилам, зилдан ҳам оғир гилам» (ер) каби.
Табышмак айтуу, негизинен, балдардын сѳз байлыгын ѳстүрѳт, жашоо
жана анын кубулуштары жѳнүндѳгү түшүнүк жана ойлоолорун кеӊейтирүүдѳ
тарбия берүү каражаты болуп саналат. [6;1]
Дидактикалык чыгармалардын дагы бир түрү – терме ырлар. Терме
ырлары бир топ көрүнүштөрдү санап, бирдей сөздөрдү пайдалануу менен
акыл-насаат иретинде ырдалган
дидактикалык чыгармалардын
бир түрү.
Мындай ырларда бир топ жакшы, жаман сапаттар терилип айтылат да, андан
тиешелүү мораль чыгарылган. Терме ырлары санат-насыят ырларына бир топ
жакын келет, ошондуктан айрым учурларда алардын ортосуна чек коюуга
мүмкүн болбой калат.[ 7;1]
Терме-санат ырлар – адамдардын кулк-мүнөзү, үй-бүлөлүк, коомдук
мамилелери, турмушка,
дүйнө
гө көз караштары, күндөлүк турмуш
тажрыйбадан чыккан философиялык жыйынтыктары жөнүндөгү поэтикалык
чыгармалар.
Терме-санат ырлар көбүнчө таалим-тарбия берүү максатын
көздөгөндүктөн дидактикалык
адабият
тын бир түрүн түзөт. Терме-санат
ырлар санат же насыят ырлары деп да аталат. Терме-санат ырлар мааниси
жагынан макалдарга өтө жакындап, турмуштук маанилүү чоң окуялар да
саналып айтылат
Кыргыз
да терме-санат ырлар, ынтымактын үлгүлөрү Токтогул, Барпы,
Алымкул, Калык өңдүү акындар тарабынан чыгарылган. Терме-санат
323
ырларында образдуу параллелизм, анафора, эпифора, ассонанс, аллитерация
сыяктуу поэтикалык каражаттар пайдаланылат. [3;656]
Жыйынтыктап айтканда, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлѳрү
болгон, илим казынасынан орун алган жана адам акылынын каймагы болгон
макал-лакаптар, табышмактар, кыргыздын залкар акындары тарабынан
айтылган терме-санат ырлары дидактикалык адабияттын үлгүлѳрү катары
тарбия берүүдѳ чоӊ ролду ойнойт. Алар ѳзүлѳрүнүн тулку боюна чылк
таалим-тарбия маселелерин сиӊдирип, келечек муунду тарбиялоодо зор
дидактикалык милдетти аткарышат.
Dostları ilə paylaş: |